Жеңил унаалардын кузовун өлкөгө ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу каралууда

Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Өкмөт жеңил машиналардын кузовун өлкөгө ташып келүүгө тыюу салууну сунуштап жатат. Тиешелүү токтом долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга чыгарды.
Бийлик акыркы учурда кузовду алмаштыруу шылтоосу менен унаалардын каттоо маалыматтарын өзгөрткөн фактылар көбөйүп жатканын айтты. Бул иш жүзүндө бажыдан өтпөгөн унааларды мыйзамдаштырууну шарттайт.
Ошондой эле куралган автоунааларды мыйзамсыз эксплуатациялаган учурлар да бар.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, унаалардын кузовунун басымдуу бөлүгү Литва, Япония жана Германиядан алып келинет.
Өткөн жылдын 10 айында 3,7 миң кузов ташылып, аны импорттоо 32 пайызга өскөн.
Армян, абхаз номерлүү унааларды мыйзамдаштыруунун баасы айтылды