12 жылдык окуу: 1-классты окутууда басым билимге эмес, социалдашууга жасалат

Бишкектеги мектептердин биринде 1-класстын окуучулары. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. 12 жылдык билим берүүдө 1-класстын балдарын окутууда басым билимге эмес, социалдашууга жасалат. Бул тууралуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов билдирди.
Анын айтымында, 12 жылдык билим берүүдө, эң башкысы, окуу методикасы өзгөрөт.
"Биз азыр окутуп жаткан сабактар турмуштан алыстап калган. 12 жылдык окууда баланын эмоциясына көңүл бөлүнүп, инсан катары калыптанышына, анын мүнөзүн калыптандырууга, социалдашууга басым жасалат. Мисалы, 1-класстын балдары мурдагыдай партада сабак жазып отурбайт. Сабактар оюн түрүндө өткөрүлөт. Аларга командада иштөө, өзүнүн пикирин айтуу, мугалим менен сүйлөшүү сыяктуу нерселер үйрөтүлөт. Окуу убактысы да 45 мүнөт эмес, андан кыска болот", — деген ал.
Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова быйыл баланы мектепке электрондук каттоо да жылдагыдан башкача болорун айткан.
"Азыр мектепке бара элек балдардын маалыматын камтыган "Балалык" деген программа түзүлүп жатат. Ал жакта менчигинин түрүнө карабай бакчага барган, "Наристе" программасы боюнча окуп жаткан балдардын маалыматы бар. Бул программаны "Түндүккө" байлап жатышат. Ата-эне "Түндүк" тиркемесине кирип эле баласынын ИЖН (ПИН) номерин тергенде система өзү бала канчанчы класска барышы керек экендигин, жакын жердеги мектепти сунуштайт", — деген ал.
Ал электрондук каттоо эрте башталарын айтып, бирок датасын ачыктаган эмес.
Билим берүү жана илим министрлиги. Архив
Окууга 6 жаштан алуу менен чектелбейт. Министрлик 12 жылдык окуу боюнча түшүндүрдү