7-мартка карата аба ырайы

Бишкектеги Өчпөс оттун жанынан кар жааган учурда кыз өтүп бара жатат. Архив
7-мартка караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. 7-март, жума күнү, республиканын көпчүлүк аймагында кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +4...+9, Талас аймагында +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6...+11, Ысык-Көлдө +2...+7, Нарын өрөөнүндө 0...+5 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +6…+8, Ош шаарында +8...+10 градусту көрсөтөт.
Күнөсканада жоогазын терип жаткан аял
8-мартка чейин аба ырайы кандай болот? Кыргызстан боюнча божомол