Улуттук банк 2027-жылдан тарта санарип сомду жүгүртүүгө киргизүүнү пландап жатат. Санарип сом өлкөнүн улуттук валютасынын үчүнчү формасы болуп эсептелет жана учурда колдонулуп жаткан накталай, накталай эмес акчалар менен катарлаш иштейт. Ал Улуттук банк тарабынан гана чыгарылып, көзөмөлдөнүп, коопсуздугу камсыздалат.
Санарип сом жана финансы системасында алдамчылыкты азайтууга багытталган ишти күчөтүү, киберкоопсуздук, антифрод-системасы тууралуу “Ачык кеп” программасында сөз болду.