Захарова Израиль ТИМ башчысынын "билимине" таңданып, суроо узатты

Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саарга Украинанын нацисттерге суктанып, даңктаганын билбегенине таңдангандыгын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Дипломат Израилдин министри Украинанын нацисттердин табакташы Степан Бандераны мактап көкөлөткөнү боюнча маалыматы жоктугуна реакциясын билдирип, анда Киевдеги аталган өлкөнүн элчилиги эмне иш менен алектенет деген собол узаткан.
Эске салсак, Гидеон Саар шейшембиде өткөн маалымат жыйында Украинанын нацисттердин табакташы Степан Бандераны улуттук деңгээлде даңктаганы боюнча кабары жоктугун айткан. Бул маалыматты тактап, зарылдыгы жараласа айыптай турганын кошумчалаган.
"Ошондо кандай болуп калды? Анда Израилдин Киевдеги элчилиги эмне иш кылат? Москвадагысы да... Анда борборуна фактылар боюнча бир да жолу маалымат беришпептир да?"— деген Захарова министрдин айткандарына комментарий берип.
81 жыл мурда бандерачылар поляктар жашаган кыштакка кыргын салган. Тарыхый видео