БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өлкөдө жихад кылууну пландаган террордук топтун 30 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган уюмдун мүчөлөрү жашыруун жыйындарды өткөрүп, радикалдык идеологияны жайылтып, террордук ишти каржылоо үчүн акча чогултуп турушкан.
Топтун иши чет жактагы эл аралык террордук уюм тарабынан координацияланганы белгиленди.
Ошондой эле алар өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө каршы "жихад" жасоону, атайын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине террордук актыларды пландаганы айтылды.