БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. "Мамлекеттик лотерея компаниясынын" директору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ал потенциалдуу инвестордон акча опузалганы аныкталган.
"Кыргызлотонун" жетекчиси К.В.В. өлкөнүн лотереялык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана акча салууга ниеттенген инвесторлордон 10 миң доллар талап кылган. Мындан тышкары, шектүү кошумча талаптарды коюу менен жасалма тоскоолдуктарды жаратып, ар бир сатылган лотерея билетинен өзүнө акча талап кылган", — деп жазылган кабарда.
Шектүү 3-мартта 10 миң доллардын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалганы кошумчаланды.
Ошондой эле атайын кызмат коррупцияга каршы мыйзамдар катаалдаганын, ага аралшкан аткаминерлер жазадан кача албасын эскертти.