Премиум-класстагы унаалар, батирлер. УКМК мүлк конфискацияланганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. УКМК коррупционерлердин мүлкү конфискацияланганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр кендерди пайдаланууга мыйзамсыз лицензия берүүгө айыпталууда.
"Айрымдар Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдары менен келишип алып, ишканаларга кен казууга лицензияны мыйзамсыз алуу схемасын уюштурушкандыгы аныкталган. 27-февралда Айтматов райондук соту коррупциялык схеманын уюштуруучулары делген Э.Д.Н. жана М.В.И. аттуу жарандардын мүлктөрүн конфискациялоо өкүмүн чыгарды", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттин пайдасына алынган мүлк:
Toyota Land Cruiser, Tesla Model Y жана Porsche Cayenne сыяктуу премиум-класстагы 8 унаа;
Бишкек шаарындагы элиталык турак жай комплекстеринен 4 батир;
"Браво" коттедж шаарчасында жана "Ордо" VIP-шаарчасында жайгашкан 4 турак жай;
турак эмес жайлар жана Бишкектеги элиталык турак жай комплекстеринде 4 унаа токтотуучу жай.
УКМК "Кыргызлотонун" директору пара алып жатып кармалганын кабарлады