БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп администрациясы өлкөнү "экономикалык кыйроо" абалында "өткөрүп" алганын, бирок Америка эми өсүү багытына түшкөнүн айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Мурдагы администрациядан экономикалык кыйроону жана инфляциялык кыйынчылыкты мураска алдык. Алардын саясаты энергоресурастардын, азык-түлүктүн кымбатташына жана миллиондогон америкалыктардын күнүмдүк муктаждыктарына болгон көзөмөлдүн жоголушуна алып келди",— деген Трамп конгрессчилердин алдында сүйлөп жатып.
АКШ президентинин айтымында, анын командасы абалды оңдоого батыл киришти.
"Башкаларга төрт же сегиз жыл керектелсе, биз 43 күндө көп нерсени жасоого жетиштик. Америка өзүнө ишенимин кайтарды, экономикалык жактан өсө баштады, алдыда өлкөнүн тарыхый өйдөлөшү күтүп турат", — деп белгилеген Трамп.
АКШ президенти мурдагы лидер Жозеф Байдендин бийлиги учурундагы төмөнкү орунсуз чыгымдарды Илон Маск жана анын командасы (АКШ өкмөтүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ведомство) таап чыкканын жарыялаган:
"мурда эч ким угуп-билбеген" Лесото аймагында ЛГБТ* кызыкчылыктарын алып чыгыш үчүн 8 миллион доллар чыгымдалган;
трансгендер чычкандарды жасап чыгуу үчүн үчүн да 8 миллион доллар коротушкан;
Молдовадагы терс көрүнүштөрдү жайылтууга 32 миллион доллар жумшалган;
Мозамбиктеги "сүннөткө отургузууларга" 10 миллион чыгымдалган;
Жакынкы Чыгыштагы Sesame Street ("Сезам көчөсү") телепрограммасына 20 миллион доллар кеткен.
Трамп ал бийликке келгенден кийин АКШнын чек арасынан мыйзамсыз өткөн мигранттардын саны да кескин кыскаргандыгын айтты.
"Менин администрациям ишке киришери менен чек ара жана иммиграциялык көзөмөл боюнча Американын тарыхындагы эң масштабдуу иш баштады. Чек арадан мыйзамсыз өткөн мигранттардын санын тарыхта биринчи ирет эң төмөнкү көрсөткүчкө түшүрүп, азайттык", — деп билдирген ал.
* Россияда экстремисттик кыймыл катары таанылып, тыюу салынган