БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Сот бийлиги өлкөдө демократиянын негизги таянычы болуп келген, мындан ары да боло берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров судьялардын 13-курултайында билдирди.
Ал фемида өкүлдөрү Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндөн тарта өлкөнүн түптөлүшүнө, өнүгүшүнө өз салымын кошуп келе жатканын белгилеген.
"Сот бийлиги өлкөдө демократиянын негизги таянычы болуп келген жана мындан ары дагы боло бермекчи. Ал мамлекеттин турмушунда мыйзамдуулукту камсыздоо менен жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, саясий система ичиндеги тең салмактуулукту сактоо аркылуу адилетсиздик менен күрөшүүнүн куралы катары негизги ролду ойнойт. Эзелтен эле биздин ата-бабаларыбыз эң маанилүү мамлекеттик маселелерди талкуулоо үчүн өткөн курултайларда сот адилеттигинин орду бийик турган. Ата-бабалар сот адилеттигин элдин ыйманына, бийлердин абийир-ариетине, жалпы коомдун адеп-ахлагына байланган касиеттүү көрүнүш катары чоң маани беришкен. Ошол мурас муундан-муунга өтүп, бүгүнкү күндө биздин сот системабыздын өзөгүн түздү", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал сот бийлиги мыйзамдуулуктун башаты болушу үчүн ар кандай тышкы кысымдардан толук көз карандысыз болушу шарт экенин белгиледи.
Өлкө башчы аталган тармакка мамлекет тарабынан тиешелүү колдоо болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, судьялар үчүн батирлер курулуп, маянасы 100 пайыз көтөрүлгөн. Сот имараттарында шарттар түзүлүп, судья жана приставдарга ата мекендик автоунаалар берилген.
Жапаров муну менен бирге санариптештирүүдө сот системасы артта калганын айтып, электрондук сот өндүрүшүн жана маалыматка онлайн жетүүнү тез арада ишке киргизүүнү тапшырды.