Ош шаарында Ак калпак күнү белгиленип, миңдей активист жүрүш жасады. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүнө карата Ош шаарындагы борбордук аянтта жөө жүрүш өтүп, ага миңге жакын активист жаштар катышты.
Улуттук кийимчен жаштар патриоттук ураандар менен борбордук аянттан баштап Султан Ибраимов атындагы драма театрга чейин басышты.
1 / 4

Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүнө карата Ош шаарындагы борбордук аянтта жөө жүрүш өтүп, ага миңге жакын активист жаштар катышты

2 / 4

Улуттук кийимчен жаштар патриоттук ураандар менен борбордук аянттан баштап Султан Ибраимов атындагы драма театрга чейин басышты

3 / 4

Жаштар иштери боюнча шаардык комитеттин төрагасы Жаныш Жусупбековдун айтымында, Ак калпак күнүнө карата жыл сайын иш-чаралар уюштурулуп келет

4 / 4

Ош шаарында Ак калпак күнүнө арналган жүрүш

Жаштар иштери боюнча шаардык комитеттин төрагасы Жаныш Жусупбековдун айтымында, Ак калпак күнүнө карата жыл сайын иш-чаралар уюштурулуп келет.
“Быйыл шаардын бардык жогорку жана орто окуу жайларынын студенттеринин жана жаш активисттеринин катышуусунда жүрүш өткөрүп жатабыз. Ошондой эле бүгүн Ош технологиялык университетинин базасында жогорку окуу жайлардын, лицейлердин жана колледждердин студенттеринин арасында улуттук кийимдер боюнча интеллектуалдык оюн өткөрүү пландалууда. Ага 150 адамдан турган 30 команда катышат”, — деди Жусупбеков.
Улуттук кийимдердин ар бир өңүтү терең мааниге ээ. Мамкатчынын куттуктоосу