Араб өлкөлөрүнүн лигасы Египеттин Газаны реконструкциялоо боюнча планын колдоду

Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Араб мамлекеттеринин лигасы (АМЛ) өткөргөн чукул саммиттин катышуучулары Египетин Газа секторун 53 миллиард долларга реконструкциялоо боюнча планын колдоого алышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Абдель Фаттах ас-Сиси билдиргенин РИА Новости жазды.
Палестина маселесине арналган саммит Египеттин борбору Каирде шейшемби күнү өткөн.
Египет иштеп чыгып, АМЛ бекиткен Газа секторун реконструкциялоо боюнча планда палестин элинин өз жеринде калуусун камсыздоо, Газада балык уулоо жана соода портторун, эл аралык аэропорт, өнөр жай зоналарын жана турак жай куруу каралган.
ХАМАС анклавдын реконструкцияланышы боюнча планды кубаттаса, Израиль кескин сынга алды.
Эскерте кетсек, АКШнын президенти болуп шайланган Дональд Трамп февралдын башында кан төгүлгөн Газа секторун биротоло тазалоо керектигин билдирген. Анын айтымында, палестиналыктарды Иордания жана Египет баштаган бир катар өлкөлөргө жайгаштырууга болот. Бирок элдин көчүрүлүшүн АКШ каржылабайт, Трамп муну Жакынкы Чыгыш мамлекеттери жасай аларын белгилеген.
"Биз аларга чек арасы бекем, турак жайы бар жакшы жерде жашоону сунуштап жатабыз. Жакынкы Чыгышта мунун баарын курууга акча бар", — деген Трамп.
АКШ президенти Газаны дүйнө эли келип эс ала турган жайга айлантуу мүмкүн деген пикирин айткан. Ал АКШ Газа секторун "өз көзөмөлүнө алып" региондогу иштер үчүн жооптуу болорун кошумчалаган.
Трамптын билдирүүсү эл аралык коомчулуктун, ириде палестиналыктардын нааразычылыгын жараткан.
Трамп АКШ Газаны сатып албай туруп ээлик кыларын айтты