БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Вашингтон Киевге аскердик жардамды токтоткондон кийин АКШ Улуу Британияга америкалык чалгындоо маалыматтарын Украина менен бөлүшүүгө тыюу салды. Бул тууралуу британиялык Daily Mail гезити булактарына таянып жазганын РИА Новости кабарлады.
Буга чейин Fox News телеканалы Ак үйдүн жогорку даражалуу өкүлүнө шилтеме жасап, Американын президенти Дональд Трамп Киев тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даярдыгын көрсөткүчө АКШ Украинага бардык аскердик жардамын токтотуп жатканын кабарлаган. Ак үйдүн өкүлү бул чечим тууралуу маалыматты тастыктаган.
“АКШ Улуу Британияга Владимир Зеленскийди колдоодон баш тартуунун бир бөлүгү катары Вашингтондун чалгындоо маалыматын Украина менен бөлүшүүгө тыюу салды... Тыюу Улуу Британиянын өкмөттүк байланыш органы (GCHQ), чалгындоо кызматтары жана Коргоо министрлигинин чалгындоо бөлүмдөрү сыяктуу уюмдарына тиешелүү”, — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, өткөн жумада Ак үйдө Зеленский менен Трамптын жолугушуусу өткөн. Анда тараптар сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимге кол коюшмак, бирок ортодо чыр чыгып, Украина президенти сапарынын аягына чыкпай кетүүгө аргасыз болгон.
Кийинчерээк АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц Зеленский кечирим сурашы керектигин билдирген болчу.
Бүгүн АКШ Украинага аскердик жардамын токтотконун жар салды.