Кызды кафеден алып чыгып, талаадан зордукташкан. Беш киши камакка алынды

Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Топтошуп зордуктоого шектелип 23-25 жаштагы беш адам кармалып, камакка алынганын ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмыш 28-февралга караган түндө болгонун айтып, жабырлануучу милицияга арыз жазган. Анда шектүүлөр кызды Бишкектеги кафелердин биринен күч менен көтөрүп чыгып, белгисиз жерден зордукташканы айтылат.
Sputnik агенттигинин өзүнүн маалымат булактарынын билдиргени боюнча, кыз эс алып отурган кафеге жигити (дагы бир версия боюнча таанышы) достору менен келген. Алар жабырлануучуну мас кылып алып кетишкен. Талаадан зордукталган кыз качууга аракет кылган. Бирок балдар кууп жетип, кайрадан кордук көрсөтүшкөн.
Бир аптадан бери дайынсыз болгон 22 жаштагы кыздын сөөгү талаадан табылды