Окууга 6 жаштан алуу менен чектелбейт. Министрлик 12 жылдык окуу боюнча түшүндүрдү

Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Мектептерде 12 жылдык билим берүүнү этап менен киргизүү уланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Анда өлкө жетекчилиги тарабынан айтылган бардык сын-пикирлер жана сунуштар эске алынары белгиленген.
"Билим берүүнү трансформациялоо 6 жаштан окууга алуу менен чектелбейт. Реформа окутуунун сапатын жогорулатууга, мектеп программасынын жүгүн жеңилдетүүгө жана билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү жоюуга багытталган", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле бул өнөктүккө каражат республикалык бюджеттен бөлүнөрү, ал инфраструктураны, окуу программаларын жана китептерди жаңылоого, педагогдордун квалификациясын жогорулатууга жана мектептерди заманбап лаборатория менен жабдууга жумшалары айтылды.
"12 жылдык системага өтүүдө окуучулар кесибин алдын ала аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул жаңылбай окууга тапшырууга жардам берет. Мектептердеги орун тартыштыгы да көз жаздымда калган жок. Жаңы системаны киргизүүдө мектептер жана кошумча корпустар курулат", — деп жазылган маалыматта.
Министрлик коомчулукту кабардар кылуу боюнча иш күчөтүлөрүн кошумчалады.
Эске салсак, УКМКнын төрагасы жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев 12 жылдык окуу системасына каршы экенин айткан. Кийин Ташиев бул маселе боюнча президенттин катышуусунда жыйын өтүп, анда реформаны этаптарга бөлүп дыкат ишке ашыруу чечими кабыл алынганы белгиленген.
Булар ЮСАИДге ишенген. Депутат өлкө 12 жылдык окууга өтө албасын айтты