ЕЭК министри: ЕАЭБде "акылдуу" транспорттук системаларды өнүктүрүү каралууда

Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. ЕАЭБдин алкагында "акылдуу" транспорттук системаларды өнүктүрүү каралууда. Бул тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев билдирди.
Ал транспорттук-логистикалык комплекстерди санариптештирүү тажрыйбасын изилдөө жана "акылдуу" транспорттук системалардын эл аралык соодадагы ролун талкуулаган конференцияга катышкан.
"Санарип экономиканын өнүгүшү менен автоматташтыруу каражаттары барган сайын жеткиликтүү болууда. Бул транспорттук жүктөрдүн кыймылын дээрлик толук көзөмөлдөөгө, жүк ташуудагы тобокелдиктерди төмөндөтүүгө жана чыгымдарды азайтуу аркылуу эл аралык сооданы стимулдаштырууга шарт түзөт", — деди Кожошев.
Ошондой эле ал жаңы технологияларды транспорттук инфраструктурага киргизүүгө багытталган концепция тууралуу маалымат берди.
ЕЭК чечимин аткарбаган мамлекеттик органдар кандай жазаланары айтылды