Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгын өлкө 2024-жылы белгиледи. Мындан улам 40 уруу кыргыздын мамлекет болуп биригиши, өзүнүн чек арасын аныктап, өлкөнүн социалдык жашоосун жакшыртуусу орус империясы менен байланышканын тарыхчылар айтып келет. Ошол кездеги дипломатия кандай жүргөн, кыргыз-орус алакасынын түзүлүшүндө алгачкы тарыхый кадамдарды кимдер жасаган, алар кандай өңүттө ишке ашкан, бүгүн биздин “Кеменгер” программабызда сөз кылабыз.