Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги балдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча беш жылдык план иштелип чыгууда. Ошондой эле үй-бүлөлүк кодекске да өзгөртүүлөр кирерин Бакыт Тодогелдиев билдирди. Ага ылайык өлкөдө үй-бүлө, ата-эне менен баланын орду, балдардын коомдогу орду жаатында бир катар нормалар иштелип чыгат. Меймандарыбыз менен “Ачык кеп” программасынын алкагында балдарды коргоо, үй-бүлөдөгү, коомдогу зомбулуктар жана алардын себептери туурасында маектештик.