Былтыр республика боюнча өрт коопсуздугун бузгандарга 800 миллион сом айып салынган

Sputnik
Өрт коопсуздугунун эрежелери өкмөттүн 381-беренеси менен бекитилген. Анда ар бир мекемеде, ишканаларда өрт коопсуздугу сакталышы керектиги жазылып, аны сактоого жетекчилери милдеттүү. Анткени алар кызматчыларына өрт коопсуздугу боюнча окууту өтүп, андан кийин жумушка кабыл алышы керек. Эрежеге ылайык, имараттарда тилсиз жоону өчүрүүчү шаймандары болушу абзел жана алар аянттарынын ар 50 сотых жеринде жайгашышы керек. Мындан тышкары ичинде автоматташтырылган өрттү өчүрүүчү жана кабарлоочу орнотмолордун болгону дурус. Бул талаптардын сакталышын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жылына бир жолу пландуу текшерип турат. Талаптар сакталбагандыгы аныкталса эскертүү, түшүндүрүү иштер жүргүзүлөт. Эгерде кайталанса 143-берененин негизинде айып пул салынарын Өрт көзөмөлдөө кызматынын бөлүм башчысы Руслан Турдумамбетовмаалымдады.