Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Жумаш Асаналиев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры

Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп, Баатыр наамы ыйгарылган кезектеги кыргызстандык тууралуу баян.
Sputnik
Гвардиянын ефрейтору Жумаш Асаналиев
Присвоение школе №11 в Минске имени кыргызстанца Жумаша Асаналиева
Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин белги тактасы
Жумаш Асаналиев 1923-жылдын 10-майында Ысык-Көл облусунун Отуз-Уул айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.
1942-жылы Пржевальск райондук аскер комиссариаты тарабынан Кызыл армияга чакырылат. 1943-жылдын мартында согушка кирип, Курскинин алдындагы кармашка катышат. 1-Прибалтика фронтундагы 6-гвардиялык армиянын 67-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 199-гвардиялык аткычтар полкунун пулеметчусу, гвардиянын ефрейтору Жумаш Асаналиев биринчилерден болуп Батыш Двина дарыясынан өткөн. Бул — Витебск облусуна караган Сиротинск (азыркы Шумилинск) районундагы Лабейки (Лобейки) кыштагынын жанындагы аймак.
Согуш учурунда пулеметчулардын командири оор жарадар болуп, анын ордуна Асаналиев кирет. От күйгөн жерде Асаналиевдин бөлүгү душмандын мизин улам кайтарып турган. 1944-жылдын 25-июнунда душмандын минасы анын бөлүгүнүн талкалап, Асаналиев жалгыз согуша баштаган. Чабуул койгон гитлерчилерди өзүнө жакындата кое берип, аларды тике аткылай баштаган. Октору түгөнүп, кармашын граната менен уланткан. Фашисттер таптакыр эле чукул кирип келгенде туткунга түшкөндү каалабаган эр жүрөк Жумаш акыркы гранатаны колдонуп, өзүн жана айланасындагы гитлерчилерди жардырып жиберген.
1943-жылы 26-октябрда СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен 1944-жылдын 22-июлунда немецтик баскынчылар менен күрөштө көрсөткөн эрдиги, каармандыгы үчүн гвардиянын ефрейтору Жумаш Асаналиевге курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Андан сырткары, Алтын жылдыз медалы жана Ленин ордени менен сыйланган.
Материал ачык маалыматтардын, КРдин Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Асанбек Оторбаев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры