Баарын оңдоого убакыт келди. Зеленский Ак үйдөгү жаңжалга өкүнүп жатканын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Владимир Зеленский соцтармак аркылуу Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамп, вице-президенти Жей Ди Вэнс менен чырдаша кеткенине өкүнүп жатканын айтып, бирок кечирим сураган эмес. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Вашингтондо Ак үйдөгү жолугушуубуз биз күткөндөй болбой калды. Өкүнүчтүү. Баарын оңдоого убакыт келди. Биз кызматташууну жана байланышты конструктивдүү болушуна кызыкдарбыз", — деп жазган ал соцтармакка.
Украина башчысы чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн Украина сүйлөшүүлөрдү мүмкүн болушунча эртерээк баштоого даяр экенин билдирген.
Эске салсак, өткөн жумада Ак үйдө Зеленский менен Трамптын жолугушуусу өткөн. Анда тараптар сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимге кол коюшмак, бирок ортодо чыр чыгып, Украина президенти сапарынын аягына чыкпай кетүүгө аргасыз болгон.
Кийинчерээк АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц Зеленский кечирим сурашы керектигин билдирген болчу.
Бүгүн АКШ Украинага аскердик жардамын токтотконун жар салды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кремль АКШнын Украинага аскердик жардамын токтотуусу боюнча үн катты