"Тайган.Туйгун" сериалынын экинчи бөлүгүн тартууга 35 млн. сом бөлүндү

Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстанда "Тайган.Туйгун" көркөм-детективдик сериалынын экинчи бөлүгүн тартуу пландалууда.
Кинематография департаментинин "Кыргызсериал" чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси 35 миллион сомго тендер жарыялады.
Жалпысынан 50 мүнөттүк 12 серия тартылат. Аны 26-ноябрга чейин бүтүрүү мерчемделүүдө. Тендерге катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 12-мартка чейин созулат.
Белгилей кетсек, сериалдын биринчи сезонун тартууга 17,8 миллион сом бөлүнгөн.
Техникалык документте көрсөтүлгөндөй, "Тайган 2. Туйгун" – күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн чагылдырып, алардын кесипкөйлүгүнө басым жасаган детективдик сериал. Долбоор укук коргоо органдарынын имиджин жакшыртууга, ошондой эле мыйзамга, тартипке болгон урмат-сыйды жана патриоттук сезимди күчөтүүгө багытталган.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Кыргызстанда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата тарыхый сериал тартылат