БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. 2024-жылдын 11 айында Кыргызстан менен Свердлов облусунун товар жүгүртүүсү 130 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы өкүлү Айнур Сманов Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Эске салсак, Кыргызстанга Россиянын Свердлов облусунун губернаторунун орун басары Василий Козлов баштаган делегация келген.
Сманов Свердлов облусу кыргыз экспортунун эң көп жөнөтүлүүчү аймактарынын бири экенин белгиледи.
"Бул аймактагы соода түйүндөрү, компаниялар жана жалпы бизнес Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияга кызыгарын көрсөтүп турат. Кыргызстандын товарларына суроо-талап жогорулап, акыркы жылдары алардын экспорту өсүүдө", — деди ал.
Василий Козлов барган сайын россиялык ишкерлер Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө жана инвестиция салууга кызыгып жатканын белгиледи.
Свердлов облусунун губернаторунун орун басарынын иш сапарынын алкагында Бишкекке 38 компаниянын өкүлдөрү келди, алардын ичинен жети компания өлкөдө продукция өндүрүүгө даяр.