БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы жана мүчөлөрүнө тажрыйбасы жокторду дайындоого уруксат берүү сунушталууда. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылды.
Документти депутаттар Марлен Маматалиев, Бактыбек Сыдыков, Улугбек Ормонов, Акылбек Түмөнбаев, Динара Ашымова, Бекмурза Эргешов, Кундузбек Сулайманов демилгелеген.
Атап айтканда, "Министрлер кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 8-беренесинин 1-бөлүгүн толуктоо сунушталууда.
"Кызматтык зарылдык болгон учурларда министрлер кабинетинин төрагасынын жана башка мүчөсүнүн, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисинин кызмат ордун ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн иш стажына карата талаптарды эске албастан тийиштүү иш чөйрөсүндө кесиптик тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат", — деп жазылган мыйзам долбоорунда.
Демилгечилер өзгөртүү мамлекеттик кызматтан башка тармактарда жетишкендиктери барларды аткаруу бийлигине тартууга мүмкүндүк түзүлүп жатканын белгилешкен.