Кыргызстан менен Тажикстан сооданы 500 млн. долларга жеткирүүнү талкуулады

Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстан 2030-жылга чейин товар жүгүртүүнү 500 миллион долларга жеткирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу эки өлкөнүн премьер-министрлери Адылбек Касымалиев менен Кохир Расулзоданын тар чөйрөдөгү жолугушуусунда айтылганын өкмөт билдирди.
Эске салсак, бүгүн, 4-мартта, Касымалиев Душанбеге бир күндүк жумушчу сапары менен барды.
"Кыргыз тарап Тажикстандын товарларын ЕАЭБ рыногуна жеткирүү үчүн эффективдүү звено катары чыгууга даяр экенин тастыктады. Мындан тышкары, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жаатында Тажикстандын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулган. Тараптар эки өлкө ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу маселесине да басым жасашты.
ЖКнын биргелешкен комитети чек ара боюнча Тажикстан менен үч макулдашууну колдоду