БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Россиянын Свердлов облусунда Кыргызстандан келген жашылча-жемиштерди дайыма сагынышат. Бул тууралуу вице-губернатор Василий Козлов Sputnik агенттигинин маалымат борборунда билдирди.
"Биз Кыргызстанда экологиялык жактан таза, даамдуу, ден соолукка пайдалуу жемиштер, витаминдүү жашылчалар өндүрүлөрүн билебиз. Кыргыз дыйкандары өндүргөн продукциялар биз жакка аз келип жатканына дайыма нааразы болуп келебиз", — деди Козлов.
Ал белгилегендей, мындан бир нече жыл мурун Россиянын Свердлов облусу Кыргызстандын өкмөтүнө айыл чарба товарларынын көлөмүн көбөйтүү боюнча программа түзүүнү сунуштаган.
"2021-жылдан бери биздин облус менен Кыргызстандын ортосундагы тышкы сооданын көлөмү төрт эсеге өстү. Экинчи жыл катары менен биз бул жакка ассортимент жана сапат маселелерин талкуулоо үчүн соода түйүндөрүбүздүн өкүлдөрүн алып келип жатабыз. Эгер менден сурай турган болсоңуздар, сиздердин кара өрүктөн даамдуу нерсе жок", — деди Козлов.