Бишкек мэриясы 296,6 млн. сомго үч көпүрө курууга тендер жарыялады

Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы калаанын чыгышында 296,6 миллион сомго үч көпүрө курууну мерчемдеп жатат. Ал үчүн тендер жарыяланды.
Маалыматка ылайык, үч объект үчүн муниципалитет 296,6 миллион сом бөлүүнү пландаштырууда.
Курула турган көпүрөлөр:
Ауэзов көчөсүндө — ЖЭБ каналы аркылуу;
Шүкүров көчөсүндө — Чыгыш ЧЧК аркылуу (Медеров көчөсүнө чыгуу менен);
Жибек Жолу проспектинде — Аламүдүн дарыясына.
Анткен менен тендердик арыздарда долбоордун аяктоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн эмес.
Курулуш министрлиги башкы пландарга 2,4 млрд. сом бөлүүнү суранууда