Радио

Каражаттын жоктугунан ордо оюнун ЮНЕСКО тизмесине киргизүү кыйын болууда

Кыргызстандын Ордо оюну федерациясынын президенти Таалайбек Айталиев. Архив
Кыргызстандын Ордо оюну федерациясынын президенти Таалайбек Айталиев Ордо федерациясы менен Абалак ордо федерациясы бириккенин айтты.
Sputnik
Каражаттын жоктуганан ордо оюнун ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүү кыйын болууда. Бул тууралуу Таалайбек Айталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ордо оюнун илимий, тарыхый жактан изилдеп, кийинки муунга чоң эмгек калтыруу ишине да көңүл буруу керек.
"Көчмөндөр оюндарына" кирген кыргыздын улуттук спорт түрлөрү жалпы ЮНЕСКОго катталган. Бирок ордо оюну кыргыздарга гана таандык болгондуктан ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине өзүнчө киргизилиши керек эле. Бирок каражаттын жоктугуна байланыштуу бул иш жай жүрүп жатат. Атайын документтерди ырастап, чакан видеотасма тартып, тарыхын, ойнолушун камтыган бир катар иштер жасалашы керек. Учурда ордону жайылтуу иши жүрүүдө. Анын бири Ордо федерациясы менен Абалак ордо федерациясы биригип, чогуу өнүктүрмөй болдук. Бирдиктүү программа түзүп, мындан ары мелдештердин сапатын да жакшыртабыз. Ордо оюну илимий, тарыхый жактан изилдениши да керек",— деди Айталиев.
Ошондой эле ал ордо мектептерде дене тарбия сабагында ойнолушу керектигин кошумчалады.