5-мартка карата аба ырайы

5-мартта күндүз дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Шаршембиде түнкүсүн өлкөнүн бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +3…+8, Таласта өрөөнүндө +1…+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +4…+9, Ысык-Көл жеринде -2…+3, Нарын чөлкөмүндө -4…+1 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +6…+8, Ош шаарында +7…+9 градусту көрсөтөт.
8-мартка чейин аба ырайы кандай болот? Кыргызстан боюнча божомол