Белгилүү кинорежиссёр, актриса, сценарист Динара Асанова «Тоңкулдактын башы оорубайт», «Башка бирөөгө берүүгө болбогон ачкыч» фильми Москвада, Италияда, Югославияда өткөн эл аралык фестивалдардын дипломдорун алган. Булардан соң «Кырсык», «Аял кетти», «Жараксыз», «Сен бирөөнү тандашың керек» фильмдери жаралды. 1983-ж. «Өспүрүмдөр» фильмин тартып, «Жылдын мыкты фильми» Бүткүл союздук конкурсунун жеңүүчүсү болгон жана СССР мамлекеттик сыйлыгына арзыган. Өкүнүчтүүсү Динара Асанова тирүүсүндө өз баасын ала албады.
Бааланбады. Москвада ВГИКти бирге окушкан замандашы Манас Мусаев, Динара Асанованы эскерип, «Туяк» программасынын алкагында экөөнүн ортосундагы сүйүүнү да ачыктай кетти.