Бейтаптардын 80 пайызы ишемиялык инсульт менен ооруйт — белгилери, дарылоо, алдын алуу

Sputnik
Инсульт дартында мээге же жүрөккө келүүчү кандын агымына тоскоолдук жаралып, кан тамырлар бүтөлөт. Тагыраагы мээде, жүрөктө кандын уюп калышы инсульттун келип чыгышын шарттайт. Дарттын бир нече түрү бар. Бирок ишемиялык жана геморрагиялык инсульт көп кездешет. Медициналык изилдөөлөргө ылайык, бейтаптардын 80 пайызы ишемиялык инсульт менен ооруйт. Бул ооруну алдын алуу үчүн көбүрөөк кыймылдоо, ашыкча салмак кошпоо, туура тамануу жана невролог, терапевт, кардиолог дарыгерлеринин текшерүүсүндө жылына 1-2 жолу болуу ошондой эле өнөкөт оорулары барлар (жогорку кан басым, кант диабети жбус) убак-убагы менен дарыгердин көзөмөлүндө болуп, ал жазып берген дарыларды калтырбай ичүүсү кажет. Бул тууралуу невролог Султан Өмүрбеков маалымдады.