"Илбирс" фонду өлкөдө айрым жаныбарлар жок болуп кеткенин кабарлады. Фонддун төрагасы Заирбек Кубанычбековдун айтымында буга бир нече себептер бар. Анын бири сырттан ылаңга чалдыккан жаныбарларды ташып келүү. Ошондой эле жергиликтүү тургундарын жаныбарларга мыкаачы мамилеси.
Бүгүнкү “Күн башат” программасында учурда жок болуп кеткен жана жок болуу коркунучуна кабылган сейрек жаныбарлар тууралуу сүйлөштүк. Биздин суроолорубузга "Илбирс" коомдук фондунун жетекчиси Заирбек Кубанычбеков жооп берди.