Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский тынчтыкка келүү үчүн аймактарынан баш тартпай турганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Украина тынчтык келишими үчүн жерлеринен бериш керек деген нерсени тааныбайт. Бул туурасында Владимир Зеленский айтканын РИА Новости Guardian басылмасына таянып жазды.
Мындай билдирүүнү ал Лондондо өткөн саммиттен кийин жасаган.
"Зеленский тынчтык келишимин түзүүгө аракет жасалган чакта да Украина аймактарынын Россияга кошулушун эч качан тааныбай тургандыгын кошумчалады", — деп айтылган маалыматта.
Өткөн аптада Лондондо Европа мамлекеттеринин саммити өтүп, анда Украинанын учурдагы кырдаалы жана Европанын коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн андан ары да күчөтүү талкууланган. Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер Лондон Украинага куралдуу күчтөрүн жайгаштырууга жана согушту жөнгө салуу үчүн авиацияны колдонууга даяр экендигин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жардам жана ыраазылык. Британия премьеринин Украина боюнча эки ача билдирүүсү