ЕЭК Кыргызстанда сүт, эт жана жумуртканын өндүрүшү өскөнүн кабарлады

Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстанда сүт, эт жана жумуртканын өндүрүшү өстү. Бул тууралуу ЕЭКтин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, былтыр өлкөдө 459,7 миң тонна эт, 1 миллион 823,8 тонна сүт өндүрүлүп, өсүш былтыркыга салыштырмалуу 2,6 пайызга жеткен.
Ошондой эле былтыр Кыргызстанда 790,3 миллион жумуртка чыгарылып, өсүш 115,2 пайыз болгон. Бул — ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн арасында эң жогорку көрсөткүч.
Ал эми жалпы айыл чарба тармагындагы өсүш 6,3 пайыздын чегинде болгону айтылды.
Кыргызстан ЕАЭБде курулуш, инвестиция жана өнөр жайдагы өсүш боюнча алдыга озду