Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Гавриил Пантелеев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп, Баатыр наамы ыйгарылган кыргызстандыктар тууралуу материалдарды жарыялоону улантабыз.
Sputnik
Кеп кезеги гвардиянын улук сержанты Гавриил Фролович Пантелеев туурасында.
Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры Гавриил Пантелеев
Пантелеев 1923-жылы 26-июнда Түркстан АССРинин Жети-Суу облусунун Пишпек уездиндеги (азыр Кыргызстандагы Чүй облусунун Сокулук району — ред.) Гавриловка кыштагында жарык дүйнөгө келген. Он жылдык мектепти аяктаган соң 1942-жылы Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясынын катарына чакырылат. Июль айында Улуу Ата Мекендик согушка кирип, Сталинград үчүн кармашта жаракат алат.
1943-жылдын сентябрында гвардиянын улук сержанты Гавриил Пантелеев Степной фронтунун (кийинчерээк Украин фронту деп өзгөртүлгөн — ред.) 7-гвардиялык армиясынын 72-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 224-гвардиялык аткычтар полкунун батальонунда улук адъютант болот.
Днепр үчүн согушта өзгөчөлөнгөн. 1943-жылы 25-сентябрга караган түнү Украина ССРинин Днепропетровск облусундагы Верхнеднепров районуна караштуу Бородаевка айылында Пантелеев биринчилерден болуп Днепр дарыясынан өтүп, чалгын чалып келген. Бородаевканы алууга катышып, жеке өзү душмандын ок жаадырган эки жерин жок кылып, алты гитлерчини туткундап келген. Жаракат алып, бирок согуштан кеткен эмес.
1943-жылы 26-октябрда СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен Днепр дарыясынан кечип өтүүдөгү жана плацдармда болгон кармаштагы эрдиги, баатырдыгы үчүн улук сержант Гавриил Пантелеевге Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы тапшырылып, Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Мындан сырткары, ал эки Кызыл Жылдыз орденин жана бир нече медалдарды алган.
1944-жылы Пантелеев оор жарадар болгондон кийин согуштан бошотулган. Ал майдандан соң Москва мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктап, Курск облусунда жактоочулар коллегиясында, андан соң облустук прокуратурада эмгектенген.
1979-жылы 30-сентябрда каза болуп, сөөгү Курскидеги Офицерлер мүрзөсүнө коюлган. Пантелеевдин урматына Курс облустук прокуратурасында анын бюсту орнотулган.
Маалымат үчүн: Улуу Ата Мекендик согуш 1 418 күнгө созулган. Согуш жылдарында СССР 26,6 миллион адамынан ажыраган. Алардын ичинен 8,7 миллиондон ашууну согуш талаасында курман болгон, 7,42 миллион адам оккупацияланган аймактарда фашисттер тарабынан атайылап жок кылынган. 4,1 миллиондон ашыгы оккупациялык режимдин катаал шарттарынан көз жумган.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Рузи Азимов — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры