Кыргызстандын тагдырын кайсы чечим өзгөрттү? Видео

2000-жылдан тарта Россияда экономикалык өсүш башталып, кыргызстандыктар ал жакка иштөө үчүн агылган. Башка өлкөдө иштеп жүрүп, үй-бүлөсүн багышкан.
Sputnik
2008-жылы эле Россиядан Кыргызстанга которулган каражаттын көлөмү 1 миллиард доллардан ашса, 2014-жылы 2 миллиард долларга жеткен. 2015-жылы республика Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү чечимин кабыл алган. Муну менен жарандарга Кыргызстандын чегинен тышкары мыйзамдуу жумуш табуу жеңилдеген. Россияда алар кызмат көрсөтүү жана транспорт тармагын активдүү өнүктүрө башташкан. Мекенге акча которуулардын көлөмү да өсүп, 2022-жылы дээрлик 3 миллиард долларга жеткен.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жумушчулары Россияда ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн жарандарына караганда көбүрөөк артыкчылыктарга ээ. Мисалы, алар улуттук айдоочулук күбөлүк менен такси кызматтарында иштей алышат. Россияда ишкана ачып, жумушчудан жумуш берүүчүгө айланган кыргызстандыктар көбөйүп жатканын экономисттер айтып келишет.