БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Ош — Бишкек жолундагы "Сосновка" постунда жүк ташыган унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, постто чектөө таңкы алтыдан бери киргизилген.
"Чечим кар жаап, жол тайгак болгондугуна байланыштуу унаа жолдогу кырсыктарды алдын алуу, элдин кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.