Радио

Экономист каржы пирамидасынын 5 белгисин тизмектеди

Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов. Архив
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов каржы пирамидалары элди өзүнө тартууда кандай механизмдерди колдонорун санап берди.
Sputnik
Каржы пирамидалары бүгүн эле пайда боло калган жок. Ал — экономиканын өнүгүшү менен кошо келе жаткан алдамчылык механизми. Башкы максат ошол пирамиданы түзгөн кишини гана байытуу болуп саналат. Бул тууралуу Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, каржы пирамидалары классикалык жана көп баскычтуу болуп бөлүнөт.
"Жалпысынан каржы пирамидаларынын иштөө принциптери окшош эле. Кандай түрүнө кабылган болсоңуз да ушул элементтеринен аныктап алсаңыз болот. Биринчиден, тез байып кетүүнү сунуштайт. Экинчиден, дайыма шаштырышат. Бул сага чектелүү гана убакытка берилип жаткан мүмкүнчүлүк экенин айтып, ал механизмдин пирамидабы, жокпу, ойлонгонго мүмкүнчүлүк бербей батыраак сени катарына кошуп алууну көздөшөт. Үчүнчүдөн, мыйзамдуу иш алып барып жатканын тастыктаган документи болбойт. Төртүнчүдөн, пирамида бизнесиндегилер продукция чыгарышпайт, жөн гана абаны сата беришет. Бешинчиден, адамдын психологиясын жакшы түшүнүп, башкарганды үйрөнүшөт да, көпчүлүк эффектин колдонуп же басым жасоо, кызыктыруу аркылуу сизди өздөрүнө тартышат. Бирок өндүрүш менен алектенген да пирамидалар бар. Түрдүү биологиялык активдүү заттарды, сулуулук каражаттарын өндүргөн да каржы пирамидалары бар. Алар ошол продукциясын өтө жогору баалашат, кымбат. Мунун баары маркетинг. Ошол эле пирамидалык ыкма менен соода кылышат. Болбосо түрдүү акция, токин, криптовалюталарга байланганын айтып, санариптик каржы пирамидасын түзүшөт. Бирок булар деле ошол классикалык ыкмадагыдай механизмдер менен элди өздөрүнө тартат. Тактап айтканда, жогорудагы беш эрежени колдонушат", — деди Мамытов.
Ал каржы пирамидалары улам жаңылана берерин, аны токтотуунун эң эффективдүү жолу элдин каржы сабаттуулугун жогорулатуу болорун кошумчалады.