БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Энергетика министрлиги 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына жаңы тарифтик саясат сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Анда 2024-жылы электр энергиясынын наркы киловаттына 2,72 сом болсо, орточо тариф 2,11 сом экени белгиленип, дефицит 0,61 сомду түзгөнү айтылган. Ошол эле учурда былтыр энергетикалык компаниялардын кирешеси 32,5 миллиард сом, чыгашасы 40,6 миллиард сомду түзүп, тартыштык 8,1 миллард сом болгону жазылган. Башкача айтканда, учурдагы тариф (инфляцияга карап өсөт) чыгашаны жаппайт.
Мындан улам "2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатты бекитүү жөнүндө" токтомунун долбоору иштелип чыккан.
Ага ылайык, калк үчүн 700 кВт/саатка чейин тариф 1,11 сомдон 1,37 сомго (23,8 пайызга) чейин жогорулап, андан ашыкча керектөө үчүн 2,39 сомдон 2,60 сомго (8,5 пайызга) чейин көтөрүлөт.
Ошондой эле тиричиликтик эмес керектөөчүлөр үчүн тарифтер инфляцияга жана доллардын орточо курсунун өзгөрүүсүнө жараша жөнгө салынат.
Министрлик тарифтердин көтөрүлүшү энергетикалык компанияларга кошумча 6,5 миллиард сом киреше алып келерин жана ал энергосектордогу тартыштыкты азайтууга, бюджеттен болгон көз карандылыкты жоюуга жана энергиянын сапатын жакшыртууга багытталганын кошумчалаган.