Ата-эне менен баланын солгун мамилесинен кош бойлуу кыздар наристесин таштандыга таштоодо

Sputnik
КРнын Акыйкатчы институту өлкө аймагында жашы жете элек кыздардын никеге турушу боюнча мониторинг жасашкан. Мунун себептерин аныктоого аракет кылынган. Акыркы кезде коомдо өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулук күч алып, Кыргызстандын ар кыл аймактарында жайгашкан мектептерде чуулу окуялар катар чыкты. Окуучулардын өлүмү жан кейитет. Ушул жана башка көйгөйлүү маселелер туурасында Айчүрөк Назаралиева менен маектештик.