“Манас ааламы -2025” көргөзмө-сынагы жарыяланды. Кимдер катышса болот?

Sputnik
"Манас ааламы-2025" көргөзмө-сынагы "Манас" улуттук академиясы менен Сүрөтчүлөр союзу тарабынан уюштурулууда. Бул иш-чаранын максаты — "Манас" эпосу тууралуу сүрөт, графика, станоктук скульптура жана жасалга колдонмо өнөрү жаатындагы чыгармаларды көбөйтүү жана элге жайылтуу. Көргөзмө-сынакка катышкан ар бир чыгарманын электрондук варианттары Улуттук "Манас" академиясынын фондунда сакталат. Ал эми жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, дипломдор жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат. Көргөзмө-сынак эми жыл сайын уюштурулуп турарын "Манас" улуттук академиясынын президенти Азиз Биймырза уулу маалымдады.