ЖМК: Трамптын администрациясы Зеленскийдин кечирим суроосун каалайт

АКШ Ак үйү. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Владимир Зеленскийдин Ак үйдөгү кайым айтышуусунан кийин эл алдында кечирим суроосун каалайт. Бул тууралуу Bloomberg европалык аты аталбаган аткаминердин айткандарына таянып жазганын РИА Новости жарыялады.
Эске салсак, Трамп менен Зеленский Вашингтондо жума күнү жолугушуп, анда пикир келишпестиктер жаралган. Fox News телеканалынын маалыматы боюнча, экөө айтыша кеткенден кийин Трамп Зеленскийди аны сыйлабагандыгы үчүн "залдан чыгарып салган". Мындай жагдайдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында сейрек кездешүүчү металлдар боюнча Вашингтон менен Киевдин ортосундагы келишимге кол коюу жокко чыгарылган.
"Трамптын администрациясы мамилени оңдоо үчүн Зеленскийдин эл алдында кечирим суроосун каалай турганын ачык эле айтты", — деп жазылат маалыматта.
Мурдараак АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио CNN телеканалына курган маегинде Зеленскийди Трамп менен жолугушуудан кийин кечирим суроого чакырган.
Владимир Зеленский Вашингтондогу Ак үйдөн чыгып жатат
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Чуулгандуу сүйлөшүүдөн кийин АКШ Украинага жардам берүүнү токтотууну кароодо