БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Евробиримдикти Украина боюнча Россия менен түз сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды. Саясатчынын Еврокеңештин башчысы Антониу Коштага жазган катын Financial Times гезити жарыялаганын РИА Новости кабарлады.
Макалада кеп ок атууну токтотуу тууралуу болгон. Ошондой эле Орбандын Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн Украинага карата кандайдыр бир консенсус табууга каршы пикирин айткандыгы белгиленген.
Гезиттин маалыматы боюнча, Орбан катты Брюссель Евробиримдиктин лидерлеринин алдыда боло турган саммитине карата даярдалган долбоорлорду жөнөткөндөн кийин жолдогон. Долбоордо Киевге кошумча аскердик жардам берүү жана блоктогу өлкөлөрдүн коргоонууга жумшала турган каражат көлөмүн көбөйтүү тууралуу айтылган.
Премьер биримдикке мүчө мамлекеттердин Украинага болгон мамилесиндеги стратегиялык дал келишпестиктерге көңүл бурган. Орбандын пикири боюнча, аны долбоор даярдап же коммуникация аркылуу чечүү мүмкүн эмес.
Басылманын маалымат булактары Венгриянын Евробиримдиктеги элчиси башка дипломатиялык өкүлдөр менен жума күнү Брюсселде болгон жолугушуусунда ушундай эле ойду айтканын билдиришкен.
Анда Орбан дагы, элчи дагы мындай билдирүүнү ушул аптада АКШ жана Россиянын колдоосунда кабыл алынган БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына таянып жасап жатканы белгиленет.
БУУнун Башкы Ассамблеясы Украина боюнча АКШ сунуштап жана Батыш өлкөлөрү Киев менен биргеликте даярдаган эки резолюцияны кабыл алган. Биринчи документ Россияны аскердик аракеттерди токтотууга чакырган бир тараптуу маанини камтыйт. Белгилеп кете турган жагдай, атайын аскердик операция башталгандан бери биринчи жолу кошумча авторлорсуз, америкалыктарсыз долбоор жазылган.
Вашингтон өзүнүн нейтралдуу вариантын даярдаган. Анда согушту тез арада токтотуу зарылдыгы жана Украина менен Россия ортосунда бекем тынчтыкты орнотуу гана айтылат. БУУнун Коопсуздук кеңеши Батыштын жана Россияга каршы тараптардын бардык оңдоолорун четке кагып, акыркы документти жактырган.
Венгрия өкмөт башчысынын пикири боюнча, бул документ жаңжал башталгандан берки тарыхтагы жаңы этаптын башталышын билдирип, Евробиримдиктин буга чейинки түзгөн пландарынын баарын жокко чыгарат.
12-февралдагы Россия менен АКШ президенттеринин биринчи сүйлөшүүлөрүнөн кийин европалык саясатчылар Украинадагы кризисти жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү талап кыла башташкан. Тактап айтканда, Германия, Франция, Польша, Италия, Испания, Улуу Британия жана тышкы байланыштардын Европа кызматы биргеликте билдирүү жасашкан.
Ошол эле учурда ЖМКлар Европа өлкөлөрүнүн Украинага аскер жөнөтүү планы тууралуу байма-бай айтышууда. Мисалы, Telegraph басылмасы Франция менен Британиянын лидерлери "тынчтык орнотуучу күчтөрдү" постсоветтик республикага биргелешип өткөрүп берүүнү тымызын талкуулап жатышканын жазган. Басылманын маалымат булагы Кир Стармер бул идеяга толук ыктабаганы менен Эммануэль Макрон Владимир Зеленский жана Польшанын премьер-министри Дональд Туск менен бул идеяны талкуулаган соң аны жайылтууну улантып жатканын белгилеген.
Кремль "тынчтык орнотуучу күчтөрдү" жөнөтүү жаңжалга катышкан тараптардын макулдугу менен гана ишке ашырылышы мүмкүн экенин билдирген. Россия ТИМи мындай пландарды чагымчылык деп атап, Батыш өлкөлөрүнүн Москва менен тирешүүгө дагы тереңирээк кирүү ниетин көрсөтүп турат деп сыпаттаган.