"Абдыш-Ата" футболдук клубу Суперкубокту жеңип, 30 миң доллар байге алды

Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу Кыргызстандын Суперкубогун утуп, 30 миң доллар байгеге ээ болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, мелдеш 1-мартта Кара-Балта шаарындагы "Манас" спорттук комплексинде өткөн. Анда Суперкубок үчүн "Абдыш-Ата" футболдук клубу жана 2024-жылкы өлкө кубогунун ээси "Мурас Юнайтед" кез келишкен. Оюндун негизги жана кошумча убактысында жеңүүчү аныкталган эмес, ал эми пенальти сериясында канттык клуб күчтүүлүгүн көрсөтүп, оюн 4:3 менен аяктаган.
Беттештин мыкты оюнчусу деп "Абдыш-Атанын" дарбазачысы Султан Чомоев аталды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшенов, Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев, Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын президенти Асылбек Кадралиев катышты.
Нурдин Букуев КФБнын атынан "Абдыш-Ата" клубуна 2025-жылкы Кыргыз Республикасынын Суперкубогун жеңгендиги үчүн 30 000 доллар сыйлыктын сертификатын тапшырды.
Бул турнир салтка айлангандай эле өлкөдөгү футболдук сезонду ачты.
Азия кубогу Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүндө өтүшү ыктымал