БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Музыканын тилинде" аталышындагы эл аралык долбоордун алкагында концерт өттү. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом") маалымдады.
Иш-чара Россиянын Маданият министрлиги тарабынан Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурулду.
Долбоордун уникалдуулугу — сахнада Россиянын бир нече музыкалык топтору менен аткаруучуларынын түрдүү композицияларды аткаргандыгында. Бишкек шаарынын жашоочулары менен коноктору орус элинин музыкалык маданиятына күбө болуп, анын классикалык композицияларга, романс, джаз жана элдик ырларга бай экендигине ынанышты.
Классикалык багыттагы музыкалар Москва филармониясынын белгилүү "Романтик-квартет" тобу жана Россиянын эмгек сиңирген артисти, пианист Александр Покидченко тарабынан аткарылды.
Ошондой эле бул кечеде Россиянын эмгек сиңирген артисти, жергиликтүү "Голос", "Три аккорда", "Романтика романса" жана башка телеберүүлөрү аркылуу белгилүү болгон Нина Шацкая биринчи жолу кыргызстандык көрүүчүлөрдүн алдына чыкты. Анын чыгармачылыгынын өзгөчөлүгү – салттуу романс чыгармаларын өзгөчө жеткирүүсү, жанрларды синтездеши жана жогорку маданияттагы аткаруу чеберчилиги.
Мындан тышкары, көрүүчүлөр орус ырын жана орус элдик музыкалык аспаптарында ойноонун профессионалдык искусствосун чагылдырган эң көрүнүктүү топторунун бири, Людмила Зыкина атындагы "Россия" мамлекеттик академиялык орус элдик ансамблинин чыгармачылыгы менен таанышышты. Ансамбль Россиянын эмгек сицирген артисти Олеся Евстигнеева менен чогуу конокторго өнөрлөрүн тартуулады.
Концертте кыргыздын белгилүү күүсү "Маш ботой" кыргыз жана орус аспаптарында ойнолду.
Бүгүн саат 18:30да Улуттук филармонияда "Тоскоолдуктарсыз маданият" долбоорунун алкагында Нина Шацкаянын жеке концерти өтөт.
"Музыканын тилинде" долбоорунун алкагындагы концерт Кыргызстанда быйыл бешинчи жолу уюштурулду. Анын натыйжасында кыргызстандыктар Сретенский монастрь, "Россия" ансамбли, Никита Агафоновдун жетектөөсүндөгү Москва джаз-квинтети, Россиянын эл артисти Надежда Крыгина, "Россиянын улуттук байлыгы" наамынын ээси Ирина Крутова, "Реликт" триосу, кыякчы Ирина Павлихинанын чыгармачылыгы менен тааныш болушту. Россиялык аткаруучулар Бишкек, Каракол, Ош жана Талас шаарларында көрүүчүлөргө концерт коюшту.