Бишкекте белгиленген Масленицанын шаңы. Видео

Бүгүн республиканын бардык аймагы кышты узатып, кыргызстандыктар Масленица майрамын белгилешти. Шаңдуу майрам кантип өткөнүн көрдүк.
Sputnik
Кыргызстандын көпчүлүк шаарларындагыдай эле Бишкекте да Масленица болуп өттү. Маданият министрлигинин алдына эл чогулуп, кышты узатты.
Шаардыктар үчүн атайын майрамдык иш-чаралар, сүрөт тартуу жана куурчак жасоо боюнча мастер-класстар уюштурулган. Көркөм кол өнөрчүлүк жарманкеси ачылып, майрамга келгендер салтка айлангандай эле кыш каракчысын өрттөштү.
Концерттик программага Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын ансамблдери, "Улыбка", "Исламей" жана "Сувенир" топтору катышты.
Эске салсак, майрамдык иш-чара "Гармония" орус маданий борбору коомдук бирикмеси тарабынан Россия Федерациясынын элчилиги, Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом"), Кыргызстандын Маданият министрлиги, Бишкек мэриясы жана Семиречье казактарынын "НАСЛЕДИЕ" интернационалдык союзу менен биргеликте уюштурулган.