8-мартка чейин аба ырайы кандай болот? Кыргызстан боюнча божомол

Күнөсканада жоогазын терип жаткан аял
8-мартта күн жылуу болгону менен жаан жаашы ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Келе жаткан жуманын, тагыраагы, 2-марттан 8-мартка чейинки аба ырайынын божомолун Кыргызгидромет бөлүштү.

Чүй, Талас

Синоптиктердин маалыматына ылайык, Бишкекте 4-мартта күндүз жана 5-7-мартта күн ачык болот. Башка күндөрү, анын ичинде 8-мартта кар, жаан жаашы мүмкүн. Бирок 8-мартта Бишкекте күн 12…14 градуска чейин жылыйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен

Дүйшөмбү күнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 4-мартта күндүз, 5-6-мартта жана 7-мартта түнкүсүн жаан-чачын жаап, күндүз күн ачык болот.
8-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Анткен менен ири шаарларда температура 16... 18 градуска чейин көтөрүлөт.

Ысык-Көл, Нарын

Региондордо дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү жаан-чачын, кар жаайт. 5-7-мартта күн ачылат. Башка аймактардай эле 8-мартта жамгыр, кар жаамакчы.
Бишкектеги көчө галереясында сүрөттөрдү карап жаткан кыз. Архив
Күн 25 градуска чейин ысыйт. Мартка карата аба ырайы