Миллиондон ашуун автоунааны 16 компания жарым жылда камсыздандырып бүтүшү кыйын. Бул тууралуу Саламат Нурдин уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эффективдүү иш жүргүзүү үчүн камсыздандыруу компаниялары кошумча адистерди жумушка тартат.
"Өлкөдө 1 миллион 600 миң автоунаа бар. Учурда иштеп жаткан 16 камсыздандыруу компаниясы мынча машинага кантип жетишери ойлондурат. Ар бири күнүнө миңден унаа камсыздандырса дагы бул канча деген убакытка созулат. Жарым жылдан кийин камсыздандырбагандарга айып салына баштайт. Менин оюмча, эртең айып күчүнө кирет дегенде компаниялардын эшигинде тыгын жаралат. Узун кезекте тургусу келбегендер эмитен аракет кылышы керек", — деди Ногойбаев.
Ал ошондой эле унааны банктардын тиркемелери аркылуу камсыздандырып, кагазын почта аркылуу алса болорун кошумчалады.