БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. 3-март, дүйшөмбүдө, республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө -2...+3, Талас аймагында -4...+1, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +1...+6, Ысык-Көлдө +2...+7, Нарын өрөөнүндө 0...+5 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +1…+3, Ош шаарында +4...+6 градусту көрсөтөт.