Тарыхтын эскиси болбойт. Мекенди коргоо темасы эч убакта актуалдуулугун жоготпойт. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кыргыз баатырлары бүтүндөй дүйнө элин фашизмден куткарып калууга салым кошкон. Муну келечек муун биле жүрүшү керек. Ал үчүн мектептерде тереңдетилип окутулуусу зарыл. Мындай пикирин Дүйшөн Батырбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Улуу Ата Мекендик согуш темасына мектеп программасында гана эмес, бардык жерде жеткиликтүү көңүл бурулбай жатат.
"Мен жумушума байланыштуу региондорду көп кыдырам. Барган аймактарымдын баарында Улуу Ата Мекендик согушка арналган монументтерге көңүл бурам. Тилекке каршы, дээрлик баарында тең талкаланып, каралбай калган. Жаштар өз айылынан кимдер Улуу Ата Мекендик согушка катышканын билишпейт. Кыргызстандан катышкан жоокерлердин 74ү Советтер Союзунун Баатыры деген ошол кездеги эң бийик сыйлыкка татыганын, алардын өмүр жолун билген кыргызстандык аз. Мектептерде болсо аз гана саат бөлүнүп, жалпылап окутулат. Анан да актуалдуулугун жоготкон тема катары карагандар бар. Мекенди коргоо темасы эч убакта эскирбейт. Биздин аталарыбыз бүтүндөй дүйнөнү фашизмден сактап калуу үчүн күрөшкөн. Алар ири державанын катарында чоң өлкөсү, мекени үчүн дүйнөнү каптап келаткан баскынчылыкка каршы турушкан. Биз муну унутпай, тескерисинче, балдарыбызга туура жеткиришибиз керек", — деди Батырбеков.
Ал ар бир райондо музей ачылып, жергиликтүү бийлик менен жаштар тыгыз кызматташкан платформалар түзүлүшү зарылдыгын кошумчалады.